Абдысатаров Тагай Замирбекович Каракол шаар мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
17 мая 2026, 03:13
Абдысатаров Тагай Замирбекович — мамлекеттик жана укуктук тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошуп келе жаткан кесипкөй юрист.
Эмгек жолунда мамлекеттик жана жеке мекемелерде жооптуу кызматтарды аркалап, укуктук экспертиза жүргүзүү, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, соттук иштерди алып баруу, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн укуктук жактан камсыз кылуу багыттарында чоң тажрыйба топтогон.
Ар кайсы жылдары Жарандык авиация агенттигинде, Борбордук шайлоо комиссиясында, Жогорку Кеңеште жана башка мекемелерде ийгиликтүү эмгектенип, өлкөнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүүгө активдүү катышкан. Анын түздөн-түз катышуусу менен бир катар маанилүү мыйзам долбоорлору даярдалып, мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө салым кошулган.
2024–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинде сектор башчысы кызматын аркалаган.
Кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана ак ниет эмгеги үчүн бир катар Ардак грамоталар, ыраазычылыктар жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Билими — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультети. Аскердик наамы — запастагы кенже лейтенант.
Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Мыйзамдуулукту бекемдөө, мамлекетке ак кызмат кылуу жана эл кызыкчылыгын коргоо — анын ишмердүүлүгүндөгү негизги принциптердин бири. Тагай Замирбековичтин ишине ийгилик каалайбыз
Источник: .




