"Ынтымак" партиясынын программасы
Урматтуу Каракол шаарынын тургундары!
Шайлоодо бизди колдой турган шайлоочуларга алдын ала терең ыраазычылык билдиребиз! Ынтымак партиясы өз шайлоочуларынын колдоосу менен Кыргыз Республикасы боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга жетишти.
Биздин максат-ар бир региондун өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан! Биз, "Ынтымак" саясий партиясынын профессионалдар командасы, шаарыбыз жана жалпы өлкөбүз үчүн реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн өз тажрыйбабызды, билимибизди жана күч-кубатыбызды бириктирдик.
Жемиштүү иштөө үчүн бизде жаштык, энергия, коомчулукта тажрыйба жана көптөгөн идеялар бар. Албетте, биздин пландарды ишке ашыруу үчүн Сиздин колдооңуз керек. Бүгүн биз сиздерге шайлоо алдындагы программабыз менен кайрылып жатабыз, анын негизин биздин турмуштук жана кесиптик тажрыйбабыз, ошондой эле жашоочулар дайыма айтып келе жаткан көйгөйлөр жана сунуштар түзөт.
- Артыкчылыктуу багыттар:
o Туризмди өнүктүрүү:
- Жыл бою иштеген экологиялык жактан туруктуу туризмди өнүктүрүү, тоо лыжа базаларын, эко-отелдерди жана санаторийлерди кошо алганда, туристтик объекттерди куруу жана модернизациялоо, туристтик маршруттарды жайылтуу, жергиликтүү калкты туризм тармагындагы көндүмдөргө үйрөтүү.
o Экология коргоо:
-Көлдүн экологиясын сактоо, таштандыларды башкаруу жана тазалоочу курулмаларды киргизүү.
- Шаарыбызды жашылдандыруу, табигый кырсыктарга карата алдын алып иш алып баруу. Каракол шаарыбыздын тазалыгына кам көрүү. Таштандыларды кайра иштетип чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн колго алуу.
o Жыл бою иштеген жумуш орундарын түзүү:
-Транспорттук инфраструктураны (жолдор жана аэропорт) өнүктүрүүнү кошо алганда, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, туризм тармагындагы кадрлардын квалификациясын жогорулатуу программалары, экономиканын башка тармактарын (кайра иштетүү өнөр жайы) өнүктүрүү.
-Туризм жаатында мыйзамдуулукту жана жарандардын укуктарын камсыз кылуу.
o "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" программасы боюнча инвестицияларды тартуу менен туризм тармагынын кызматкерлери үчүн турак жай куруу:
-Жеңилдетилген насыялоо механизмдерин иштеп чыгуу.
-Кайра иштетүү өнөр жайын, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.
o Туризмден түшкөн кирешелерди бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылуу:
- Жергиликтүү калкты колдоо, туризм жаатында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.
- Негизги долбоорлор:
o Кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу менен эко-отелдердин жана конок үйлөрүнүн тармагын түзүү.
o Жергиликтүү калкты чет тилдерге жана туристтерге кызмат көрсөтүү көндүмдөрүнө окутуу программасы.
o " Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү жана сувенирдик продукция өндүрүүчүлөрдү колдоо программасы.
o Коррупция менен күрөшүү– Баардык мекемелерде ачыктыкты камсыздоо жана коррупцияга каршы эффектидүү чараларды жүргүзүү
· Жашоо сапатын жогорулатуу:
o Билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү: квалификациялуу адистерди тартуу, билим берүүнүн реформаларын колдоо жана сунуштоо, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жалпы билим берүүчү мектептердин, жогорку окуу жайларынын сапатын жакшыртууга карата иш алып баруу.
o Социалдык жактан аялуу катмарларды колдоо: социалдык коргоо системасын өнүктүрүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, пенсионерлерге жардам көрсөтүү.