Зоопарк Каракол Зоопарк Каракол
Главная / Новости / Общество / АРХИВ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА

АРХИВ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА

7 февраля 2026, 21:38
Көл кылаасындагы билим берүүнүн тарыхынан
1914-1915-жылдары Ысык-Көл облусунун аймагында 32 мектеп болуп, анын ичинде 30 баштапкы, 2 жети жылдык мектептер болгон. Татар мечитинде “Мактаб” мектеби иштеп баштаган, анда куран, тарых, география, арифметика, мусулман грамматикасы окутулган. Пржевальск шаарында 2 класс мектеп 1874-жылы ачылып, ошол эле мектеп 1879-жылы 4 жылдык болуп кайра ачылган.
Бул мектепте окуу куралдары үчүн ата-энелер акы төлөшкөн, ошондуктан колунда бар бай адамдардын кана балдары окуй алышкан. Ал эми 1907-жылы шаарда айыл чарба мектеби, 2 жатак мектеби, 1911-жылы 60 орундуу Аялдар прогимназиясы эшигин ачкан. 1917-1918-жылдары шаардын тургундары үчүн мектептер ачыла баштаган. 435 орундуу Некрасов атындагы мектеби, 270 орундуу Л.Толстой атындагы мектеби ачылып, окуучуларды кабыл ала баштаган. 1924-1925-жылдары дагы 2 жалпы билим берүүчү жана чоңдор үчүн 2 сабатсыздыкты жоюуучу мектептер ачылган. 1925-жылы 46 сабатсыздыкты жоюу боюнча пункттар ачылып, аларда 1188 адам окуу менен сабатсыздыкты жоюу боюнча 2716 киши тартылган, алардын 940 аялдар болушкан.
Облус боюнча 1914-1915-жылдары 32 мектеп болуп, алардын 30 баштапкы, 2 жети жылдык мектеп, мугалимдин саны 73 болсо, 1927-1928-жылдары мектептин саны 128ге жетип, 125 башталгыч, 2 жети жылдык, 1 орто билим берген мектеп, мугалимдердин саны 276 жеткен. Ал эми 1934-1938-жылдары мектептин саны 165 жетип, 89 башталгыч, 63 жети жылдык, 23 орто мектеп болуп, мугалимдин саны 1067 болгон.
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде да мектептеги сабактар үзгүлтүккө учураган эмес, жашы жеткен окуучуларды мектепке тартуу, толук кандуу билим берүү фронтко жардам берүү менен катар эле жүргүзүлгөн.
1949-1950-жылдары мектептерде милдетүү түрдү 7 жылдык билим алуу киргизилген. Ысык-Кол облусунда 1950-1951-окуу жылында облус боюнча 183 жалпы билим берүүчү, 67 башталгыч, 82 жети жылдык, 33 орто мектептер болуп, мындан сырткары 2 жумушчу-жаштар үчүн шаардык мектеп жана айыл жаштары үчүн 23 кечки мектептер иштеген.
Источник: ФБ Олбархив
0 просмотров
0 голосов
Другие новости по теме
«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасыБиз сүйгөн сейил бакка – 130-жылБиз сүйгөн сейил бакка – 130-жыл"Ынтымак" партиясынын программасы"Ынтымак" партиясынын программасыМуратбек Идирисовго «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылдыМуратбек Идирисовго «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды
Оставить комментарий
Ремонт квартир Ремонт квартир
Комментарии