Прокат лыж прокат лыж
Главная / Новости / Общество / «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы

«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы

25 октября 2024, 13:36
«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы

Каракол шаары - уникалдуу жаратылыш ресурстарына, маданий мурастарга жана туристтик потенциалга ээ болгон Ысык-Көл облусунун борбору болуп саналат. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы, өзүнүн негизги күч-аракеттерин мекендештерибиздин жыргалчылыгына багыттоого менен шаарыбыздын туруктуу өнүгүшүнɵ жана бакубаттуулук шарттарды түзүүгɵ умтулат. Биз, Каракол шаарынын, ошондой эле Челпек, Таш-Кыя, Бурма-Суу айылдарынын жашоо-турмушунун бардык негизги чөйрөлөрүн камтыган жана жарандарыбыздын кызыкчылыктарын жана жыргалчылыгын биринчи орунга койгон өзгөртүүлөрдүн комплекстүү программасын сунуштайбыз.

Программанын негизги багыттары:

1. Чакан жана орто бизнести экономикалык жактан өнүктүрүү жана колдоо

1.1. Ишкердикти өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү

Каракол шаары - бизнести өнүктүрүү үчүн, өзгөчө туризм, өндүрүш, соода жана IT чөйрөлөрүндө жогорку потенциалга ээ. Бирок, аны ɵнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

Стартаптарга жана чакан бизнеске консультация, тренинг жана каржылык жеңилдиктер аркылуу жардам бере турган бизнес-инкубаторлорду жана ишкерлерди колдоо борборлорун түзүү.

Жаштардын жана аз камсыз болгон топтордун жумушка орношуу деңгээлин жогорулатуу үчүн эмгек жарманкесин жана кесиптик кайра даярдоо программаларын өткөрүү.

1.2. Каракол туристтик тармагын өнүктүрүү - Кыргызстандын негизги туристтик багытынын бири болуп саналат. Андыктан туристтик агымды көбөйтүү жана туристтик инфраструктураны жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр керек:

Жыл бою туризмди өнүктүрүү. Кышкы тоо лыжа туризминен тышкары экотуризмди, маданий-маалымат арттыруучу маршруттарды өнүктүрүүгө басым жасалат.

Мейманканаларды, туристтик базаларды жана инфраструктуранын башка объекттерин курууга инвестициялар үчүн шарттарды түзүү.

Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү жана сувенир продукциясын өндүрүүчүлөрдү колдоо, ошондой эле туристтерди тартуу үчүн маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү.

1.3. Инновацияларды жана санариптик технологияларды киргизүү. Шаарды дүйнөлүк экономикага интеграциялоо жана жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүү үчүн биз:

Жаш ишкерлердин өз долбоорлорун баштай турган технопарктарды жана IT-кластерлерди түзүү.

Шаардык башкарууда санариптик технологияларды, анын ичинде каттоонун, салык салуунун жана бийлик менен өз ара аракеттенүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тутумдарын онлайн платформалар аркылуу киргизүү.

2. Шаардык инфраструктураны модернизациялоо

2.1. Транспорт системасы

Сапаттуу транспорт системасы шаардагы ыңгайлуу жашоонун негизи. Андыктан биз тɵмɵндɵгүлɵрдү сунуштайбыз:

Шаардын ичинде да, анын четинде да жолдорду оңдоо жана жаңылоо.

Коомдук транспорттун жаңы каттамдарын түзүү жана учурдагыларын модернизациялоо.

Бардык белгиленген топтор үчүн, айрыкча улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү.

2.2. Шаарды көрктөндүрүү

Каракол шаары жашоого жана эс алууга ыңгайлуу шаарга айланышы керек. Бул үчүн биз:

Көчөлөрдү жана парктарды жашылдандыруу, жаңы скверлерди жана эс алуу аймактарын түзүү, суу жээктердин абалын жакшыртуу.

Энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен көчөлөрдү жарыктандырууну модернизациялоо.

Шаардын ар бир районунда жаңы спорт жана балдар аянтчаларын куруу.

2.3. Суу менен камсыздоо жана экологиялык программалар

Суу - эң маанилүү ресурстардын бири жана Караколдун ар бир жашоочусу таза суу менен камсыз болушу керек. Биз сунуштайбыз:

Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын модернизациялоо, анын ичинде эски түтүктөрдү алмаштыруу жана жаңы тазалоочу курулмаларды куруу.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча экологиялык программаларды, анын ичинде уруксатсыз таштанды полигондор менен күрөшүү боюнча программаларды ишке ашыруу.

3. Социалдык саясат: саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык колдоо

3.1. Бардыгы үчүн сапаттуу медицина

Шаардын ар бир тургуну жогорку сапаттагы медициналык жардамга ээ болушу керек. Бул үчүн биз сунуштайбыз:

Заманбап диагностикалык жана дарылоо технологияларын киргизүү менен шаардык ооруканаларды жана бейтапканаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо.

Медициналык кызматкерлердин санын көбөйтүү, алардын квалификациясын жана эмгек акысын жогорулатууга шарт түзүү.

Оорулардын алдын алуу программаларын киргизүү жана медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу.

3.2. Жаштарга билим берүү жана колдоо

Шаардын келечеги — билимдүү жана таланттуу жаштарда. Биздин артыкчылыктар:

Мектептерди жана бала бакчаларды модернизациялоо, анын ичинде жаңы имараттарды куруу, окуу жабдууларын жаңылоо жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу.

Спорттук секциялар, заманбап ийримдери, ITжана чет тил курстары сыяктуу класстан тышкаркы билим берүү программаларын колдоо.

Студенттер жана жаш адистер үчүн стипендиялар жана гранттар тутумун өнүктүрүү, стартаптарды жана жаштардын демилгелерин колдоо.

3.3. Калктын аз камсыз болгон жана аялуу топторун социалдык жактан колдоо

Субсидиялар, жеңилдиктер жана социалдык кызматтар тутуму аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөрдү, пенсионерлерди жана майыптарды колдоо.

Социалдык турак жай программаларын киргизүү жана турак жай шарттарын жакшыртууга жардам көрсөтүү.

4. Маданий мурас жана спорт

4.1. Маданий мурастарды сактоо

Каракол - тарыхка жана маданиятка бай шаар. Маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу үчүн биз:

Тарыхый мааниге ээ жана башка маанилүү объектилер сыяктуу тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүүнү жана сактоону колдоо.

Маданий борборлорду жана музейлерди өнүктүрүү, шаардын тарыхын сактоого жана жайылтууга багытталган көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка иш-чараларды өткөрүү.

4.2. Спортту жана сергек жашоо образын өнүктүрүү

Калктын ден соолугун жакшыртуу жана спортту жайылтуу үчүн биз сунуштайбыз:

Спорт объекттерин куруу жана жаңылоо, массалык жана спорттук түрлɵрдү колдоо, жаштарды дене тарбия жана сергек жашоо образы менен машыгууга тартуу.

Массалык жана спорттук түрлɵрдү өнүктүрүү, балдар жана жаштар үчүн спорттук клубдарды жана секцияларды колдоо.

Жыл сайын туристтерди тартууга жана аймакта спортту өнүктүрүүгө багытталган спорттук мелдештерди жана марафондорду өткөрүү.

5. Ачык-айкын башкаруу жана жарандык катышуу

5.1. Бийликтин ачыктыгы

Биз, Каракол шаарынын ар бир жашоочусу шаарды башкарууга катышууга мүмкүнчүлүгү болушу керек деп эсептейбиз. Бул үчүн биз:

Тургундар менен бийликтердин ортосундагы байланышты күчɵтүү үчүн санариптик платформаларды киргизүү.

Бюджетти бөлүштүрүү жана шаар куруу пландары сыяктуу шаардын негизги маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүү.

5.2. Бюджетти ачык-айкын бөлүштүрүү

Калк алдында үзгүлтүксүз отчет берип туруу менен шаардык бюджетти түзүүнүн жана бөлүштүрүүнүн ачыктыгын камсыздайбыз.

Коомдук уюмдардын катышуусу менен бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын кɵзɵмɵлдɵɵ механизмин киргизебиз.

6. Коопсуздук жана укук коргоо органдарын колдоо

Укук коргоо органдарын колдоо программасы - шаардын коопсуздугунун негизи болуп калат. Мындай кадамдар Каракол шаарынын ар бир жашоочусу үчүн коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздап, укук коргоо органдарынын ишин жакшыртат.

6.1. Коомдук коопсуздукту күчөтүү

Шаардын негизги коомдук жайларында видеобайкоо системасын киргизүүнү улантуу, бул кылмыштарды ыкчам аныктоого жана алдын алууга, ошондой эле укук бузууларга ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

6.2. Милициянын участкалык пункттарын модернизациялоо

Милиция кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн шаардын коомдук маанилүү жерлерине милициянын участкалык пункттарын орнотуу жана модернизациялоо. Милициянын күнүмдүк ишине заманбап технологияларды киргизүү, алардын натыйжалуулугун жана укук бузууларга жооп кайтаруу ылдамдыгын жогорулатат.

6.3. Укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматынын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо

Укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматынын кызматкерлерин кызматтык турак жай, медициналык камсыздандыруу жана социалдык жеңилдиктер менен камсыз кылуу боюнча жолдорду чечүү. Мындай чаралар кызматкерлердин кызмат шарттарын жакшыртат жана мотивациясын жогорулатат.


«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы Каракол шаарын узак мөөнөттүү жана ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр. Биздин программа ар бир жашоочунун ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө, бизнести жана экономиканы өнүктүрүүгө, жаратылыш ресурстарын жана маданий мурастарды сактоого багытталган. Сиздердин колдооңуздар менен Биз, Каракол шаарын гүлдөгөн жана заманбап шаарга айланта алабыз. Шаарыбыз бүткүл регион үчүн үлгү болгонго бардык аракетибизди жумшайбыз!

Источник: «Ыйман Нуру» партиясы Каракол шаарды
137 просмотров
1 голос
Другие новости по теме
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик жана экологиялык милициясы: Тартипти жана жаратылышты коргооЫсык-Көл ОИИБдин туристтик жана экологиялык милициясы: Тартипти жана жаратылышты коргооБүгүн 26 январь, Каракол шаардык Кеңешинин унаа, жолдор, турак-жай, энергетика, коммуналдык жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп, төмөнкү маселелер каралдыБүгүн 26 январь, Каракол шаардык Кеңешинин унаа, жолдор, турак-жай, энергетика, коммуналдык жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп, төмөнкү маселелер каралдыКаракол стал победителем в номинации People’s Choice Award на крупнейшей мировой туристической выставке ITB Berlin 2024!Каракол стал победителем в номинации People’s Choice Award на крупнейшей мировой туристической выставке ITB Berlin 2024!2024-жылдын 22-январь күнүнөн 23-январь күнүнө караган түнү түнкү саат 00:09 убактысында жер титирөө катталып, оор кырдаал түзүлдү2024-жылдын 22-январь күнүнөн 23-январь күнүнө караган түнү түнкү саат 00:09 убактысында жер титирөө катталып, оор кырдаал түзүлдү
Оставить комментарий
Ремонт квартир Ремонт квартир
Комментарии
K
Karine
В понедельник в 23:08
I know this if off topic but I'm looking into starting my own weblog and was curious what all is required to get set up? I'm assuming having a blog like yours would cost a pretty penny? I'm not very
F
Frederick
В пятницу в 05:08
I got this web page from my friend who shared with me on the topic of this website and now this time I am visiting this web page and reading very informative posts here. https://arrowggsew.com/I
S
Sheryl
15 января 2025 15:03
Hi there, I think your web site could possibly be having web browser compatibility issues. Whenever I take a look at your site in Safari, it looks fine however, if opening in IE, it's got some
E
Elizbeth
15 января 2025 13:59
If some one wishes to be updated with newest technologies therefore he must be visit this web site and be up to date every day. https://mrknickknack.com/
G
Guadalupe
14 января 2025 07:29
Hi! Do you know if they make any plugins to assist with Search Engine Optimization? I'm trying to get my blog to rank for some targeted keywords but I'm not seeing very good success. If you know of
J
Johnette
13 января 2025 17:33
Write more, thats all I have to say. Literally, it seems as though you relied on the video to make your point. You definitely know what youre talking about, why waste your intelligence on just
J
Julie
12 января 2025 22:16
Arkada бонус – зарабатывайте с каждым шагом https://theleeds.co.kr/bbs/board.php?bo_table=free&wr_id=3970913
N
Nestor
11 января 2025 06:16
Outstanding post however , I was wondering if you could write a litte more on this subject? I'd be very grateful if you could elaborate a little bit more. Thank you! https://forextrading.my.id/
R
Rachel
10 января 2025 02:44
It's in fact very complicated in this full of activity life to listen news on TV, so I only use world wide web for that reason, and obtain the newest news. https://w5.syairangka.life/
T
Timmy
9 января 2025 11:57
I’m not that much of a online reader to be honest but your sites really nice, keep it up! I'll go ahead and bookmark your site to come back in the future. All the best https://austinmgarner.com/
W
Waldo
8 января 2025 16:12
That is a very good tip especially to those fresh to the blogosphere. Simple but very precise info… Many thanks for sharing this one. A must read post!
T
Thurman
7 января 2025 14:59
Премного благодарю ! Заскакиваете и конечно на мой онлайн-сервис :D Купить ортопедический матрас кривой рог купить
J
Juli
7 января 2025 01:44
I simply could not depart your website prior to suggesting that I extremely enjoyed the usual information a person supply for your guests? Is going to be again regularly to check up on new posts
V
Valeria
5 января 2025 23:29
이 주제에 대한 더 많은 정보를 원합니다. 출장마사지 대전출장마사지 https://dnmassage.co.kr/
M
Maxwell
5 января 2025 23:03
Крипто Босс: Побеждай, играя на криптовалютах http://i-auto.lv/index.php?subaction=userinfo&user=exebud