Муратбек Идирисовго «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды
7 февраля 2026, 21:13
Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор эмгеги, коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусу жана үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн Идирисов Муратбек Абдрасуловичке «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.
Идирисов Муратбек Абдрасулович 1960-жылдын 10-октябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган. Эмгек жолун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагында ардактуу кызматтар менен улантып, эл үчүн ак ниет эмгектенип келген.
2003–2006-жылдары Каракол шаардык мэриясынын Тышкы байланыштар жана башкаруу башкармалыгында инвестицияларды тартуу боюнча жетектөөчү адис болуп иштеген.
2003–2007-жылдары Каракол шаардык кеңешинин депутаты катары шаарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелерге катышкан.
2006–2010-жылдары Каракол шаардык «Зеленстрой» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын директору болуп, шаар инфраструктурасын жакшыртуу багытында натыйжалуу иштерди жүргүзгөн.
2010-жылы Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын финансы-экономикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын кызматына кабыл алынып, жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматты аркалаган.
2019-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жана Ысык-Көл облустук филиалдарынын жетекчиси болуп үзүрлүү эмгектенип келүүдө.
Муратбек Абдрасулович жетекчи катары жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, тактыгын, принципиалдуулугун жана кызматкерлерге болгон талапты айкын көрсөтө алган. Ал ар дайым ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, коллективде тартипти жана ишенимди бекемдей билген жетекчи катары кадыр-баркка ээ.
Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Каракол шаарынын мэриясынын, ошондой эле «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ардак грамоталары жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
Идирисов Муратбек Абдрасуловичтин эмгек жолу — кийинки муундар үчүн үлгү болуп, анын Ысык-Көл облусунун өнүгүшүнө кошкон салымы ар дайым жогору бааланат.
Источник: .




