Интернет алдамчылыктын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
7 февраля 2026, 22:05
Каракол ШИИБдин Жыргалаң шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаарчасынын аймагында жана өздөрү тейлеген участоктордо укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында жарандар арасында анонимдүү сурамжылоо өткөрүлүп, ошондой эле учурда көбөйүп жаткан интернет алдамчылык фактылары боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тургундарга интернет аркылуу алдамчылыкка кабылбоо жолдору, шектүү шилтемелерге кирбөө, жеке маалыматтарды бөгөтсүз бербөө жана белгисиз адамдардан келген билдирүүлөргө сак болуу боюнча кеңештер берилди.
Милиция кызматкерлери жарандарды мыйзамдуулукка чакырып, кандайдыр бир шектүү жагдайлар орун алган учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууну эскертти. Мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылмакчы.
Источник: .




