25-май “Акыркы коңгуроо” салтанатуу иш-чаралар учурунда ЖККК кызматы лимузин, коомдук унаалар жана жашы жетелек өспүрүмдөрдүн башкаруусундагы унааларды дыкат текшерип, мыйзамдуу чаралар көрүлөөрүн эскертет
25-май “Акыркы коңгуроо” салтанатуу иш-чаралар учурунда, Ысык-Көлдө коомдук эс алуу жайларда жана ошондой эле калктуу аймактан сырткары (жайлоо, тоолор, эс алуу жайлар) ар кандай көңүл ачууга багытталган иш-чараларга көзөмөл күчөтүү максатында, учурда ЖККК кызматкерлери тарабынан тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анда айдоочулардын баардыгы эле ата-энелер экендигин эске алып, 25-майга арналган салтанатуу иш-чаралар учурунда балдардын коопсуздугун сактоо, аларга ата-энесинин коштоосу жок жүрүүгө тыюу салуу, балдарга эч кандай автоунаа башкарууга жол бербөө ж.б. ушул сыяктуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
ЖККК кызматы жалпы ата-энелерден - “Акыркы коңгуроо” салтанатуу иш-чаралар учурунда калктуу аймактардан чыккан жана кирген жолдорго мобилдик кайгуулдардын маршруттары жакын жайгаштырылаарын жана автоунаалардын кыймылына мониторинг жүргүзүлүп (лимузин, коомдук унаалар жана жашы жетелек өспүрүмдөрдүн башкаруусундагы унаалар) дыкат текшерилип, мыйзамдуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы