Зоопарк Каракол Зоопарк Каракол
Главная / Новости / Общество / Биз сүйгөн сейил бакка – 130-жыл

Биз сүйгөн сейил бакка – 130-жыл

13 ноября 2025, 22:09
Кыргызстаныбыз жаратылышы өтө кооз, жан-жаныбарларга бай, эс алуунун очогу болгон ажайып кооз жер. Ошого жараша жергебизде жаратылыш коруктары, парктары, эс алуучу жайлар, сейил бактары көптөп саналат. Алардын бири - кылымдан ашкан тарыхы бар Каракол шаарындагы А.С.Пушкин атындагы сейил багы.
Сейил бактын пайда болуу тарыхына кайрылсак Каракол шаарынын маданий жактан өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон шаардын биринчи башчыларынын (старосталарынын) бири коомдук ишмер, врач Николай Михайлович Барсов болгон. Анын демилгеси менен Каракол шаарында мектептер, биринчи китепкана ачылган, биринчи драма ийрими түзүлгөн. Ошондой эле Николай Михайлович Барсов 1895-жылы шаардык сейил бактын негизделишине чоң салым кошкон. Сейил бак 1924-жылга чейин Барсов багы болуп аталып, 5,7 га аянтты ээлеп турган.
Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгында турган Каракол шаардык жумушчулар, дыйкандар жана кызыл армия депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин 1928-жылдагы документтерине кайрылсак шаардык сейил бакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн смета боюнча 2128 рубль 86 тыйын каралып, анда кошумча аллеяларга бактарды, гүлдөрдү отургузуу, отургучтарды орнотуу, сейил бактын арасындагы арыктарга көпүрөлөрдү салуу, сейил бактын кире беришине дарбаза орнотуу, спорттук аянтча, сейил бактын борборуна оркестр үчүн бийик аянтча (эстокадо) куруу жана башка аткарылуучу иштердин тизмеси көрсөтүлгөн (93-ф. 1-тиз, 58-көк., 40-б.).
Эс алуу багы уюшулгандан баштап Каракол шаарынын жашоочуларынын, көптөгөн эс алуучулардын сүйүктүү эс алуу жайына айланган. 1960-жылдагы Пржевальск шаардык Советинин аткаруу комитетинин документтерине кайрылсак 9-апрель 1960-жылдагы № 77 чечими менен А.С.Пушкин атындагы эс алуу паркын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн 100,0 миң сом каралган (ф.93, 1-тиз, 755 көк. 10-б.).
1977-жылдын 22-июлунда (№ 314 чечим) Эмгекчилер депутаттарынын Пржевальск шаардык Советинин аткаруу комитетинде А.С.Пушкин атындагы эс алуу багынын жетекчилигинин аткарган иштери тууралу каралаган.
Источник: ФБ Олбархив
28 просмотров
1 голос
Другие новости по теме
«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасыЫсык-Көл ОИИБдин туристтик жана экологиялык милициясы: Тартипти жана жаратылышты коргооЫсык-Көл ОИИБдин туристтик жана экологиялык милициясы: Тартипти жана жаратылышты коргоо2024-жылдын 22-январь күнүнөн 23-январь күнүнө караган түнү түнкү саат 00:09 убактысында жер титирөө катталып, оор кырдаал түзүлдү2024-жылдын 22-январь күнүнөн 23-январь күнүнө караган түнү түнкү саат 00:09 убактысында жер титирөө катталып, оор кырдаал түзүлдү"Ынтымак" партиясынын программасы"Ынтымак" партиясынын программасы
Оставить комментарий
Ремонт квартир Ремонт квартир
Комментарии
S
Saul
В субботу в 04:31
Раменбет — место, где азарт подаётся «аль денте», где каждая ставка — насыщенный бульон эмоций. Подача — быстро, горячо и честно — попробуйте сами: Ramenbet казино онлайн официальный сайт — и
B
Benito
14 апреля 2026 02:07
Playfortuna Casino — сервис, рассчитанный на продуманный подход к игре, а не на хаотичные клики. Здесь важны цифры и логика, а не только разовый выигрыш. Если вам ближе осознанный формат,
K
Katja
1 апреля 2026 07:12
https://classic-blog.udn.com/03e330c7/186890587 To allow you to in your search, we’ve done the onerous work for you!