Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына жаны шаймандар тапшырылды.
6 февраля 2026, 14:11
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан жаны шаймандар жана автоунаа сатылып алынды. Башкармалыка куткаруучу моторлуу кайык, сел сууларын сордуруучу мотопомпа, генераторлор, изоляциясы бар суу костюмдары тапшырылды. Жабдуулардын жалпы баасы 4 975 000сомду түздү. Ошондой эле, куткаруучуларга бийик жана катаал шарттагы аймактарда ыкчам иш алып баруусу үчүн 2 266 996 сомго JAC T6 кунг менен автоунаасы сатылып алынды. Аталган коргоочу шаймандары кызматкерлердин коопсуздугу үчүн зарыл. Себеби, өзгөчө кырдаал катталган учурда куткаруучулар тийиштүү жана ыңгайлуу шаймандар аркылуу ыкчам аракеттерди көрүүгө шарт түзөлмөкчү.
Источник: .




