2023-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 413 млн сомдук 140 долбоорду колдогон
22 января 2024, 23:24
Ишкерлерди колдоо максатында, бюджетти жаратуучу, облустун социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзүүчү бизнес-долбоорлорго Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2023-жылы 140 долбоор колдоого алынып, 413 млн сом каржыланган. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.
Облус жетекчинин айтымында Ысык-Көл облусу боюнча негизги капиталга инвестициянын 28 млрд 800 млн сому ѳздѳштүрүлүп, 2022-жылга салыштырганда 43,4 пайызга көбөйдү же 9 млрд 200 млн сомго көп өздөштүрүлдү. Анын ичинен 25 млрд 200 млн сом ички инвестиция, 3 млрд 700 млн сом тышкы инвестицияны түзөт.