Прокат лыж прокат лыж
Главная / Новости / Политические / Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

31 января 2025, 11:11
Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп саналат.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти караган 1071-берене менен толуктап, бул жосундар үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган.
Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.
*****
Внесены изменения в Кодекс о правонарушениях
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях».
Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 19 декабря 2024 года.
Целью Закона является введение ответственности за клевету и оскорбление.
Законом предлагается дополнить Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях статьей 1071, предусматривающей ответственность за клевету и оскорбление, содержащиеся в средствах массовой информации, на сайте в сети Интернет или на странице сайта в сети Интернет, влекущие наложение штрафа на физических лиц в размере 200 расчетных показателей, на юридических лиц – 650 расчетных показателей.
Также, согласно вносимым поправкам протоколы о правонарушении по вышеуказанной статье будут составлять органы внутренних дел, а суды будут рассматривать их.
Источник: .
42 просмотра
1 голос
Другие новости по теме
Чет өлкөлөрдүн лидерлери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташтыЧет өлкөлөрдүн лидерлери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташтыКАРАКОЛ ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИ КАБЫЛ АЛЫНДЫКАРАКОЛ ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ2023-жылы Ысык-Көл облусунда 3,5 млрд салык чогулган2023-жылы Ысык-Көл облусунда 3,5 млрд салык чогулганКыргыз Республикасынын президенти-Жапаров Садыр Нургожоевичтин атайын белеги тапшырылды!!Кыргыз Республикасынын президенти-Жапаров Садыр Нургожоевичтин атайын белеги тапшырылды!!
Оставить комментарий
Ремонт квартир Ремонт квартир
Комментарии
R
Reginald
6 часов назад
May I simply say what a relief to discover somebody who truly knows what they're talking about over the internet. You certainly understand how to bring a problem to light and make it important.
S
Shaunte
В понедельник в 21:44
훌륭한 글이네요 밤알바 밤알바 https://lovealba.co.kr
C
Chau
В субботу в 11:20
https://parsian.najiblog.ir/post/%D8%AD%D8%AF%D8%A7%D9%82%D9%84-%D8%B3%D8%B1%D9%85%D8%A7%DB%8C%D9%87-%D8%A8%D8%B1%D8%A7%DB%8C-%D8%AE%D8%B1%DB%8C%D8%AF-%D8%B3%DA%A9%D9%87-%D9%BE%D8%A7%D8%B1%D8%B3%DB%8C
Э
Элдос
7 февраля 2025 18:01
Саламатсызбы жумуш боюнча сурайын дедим эле зарплата кандай Жана кандай иштесе болот кайсыл жерге кайрылсам болот