КАРАКОЛ ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ
6 февраля 2024, 15:09
2024-жылдын 1-февралында, Каракол шаардык Кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы болуп өттү. Сессияга 31 депутаттан 21 депутат катышты. Сессияда, Каракол шаардык Кеңешинин 2024-жылга карата жергиликтүү бюджети кабыл алынды.
Каракол шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча - 521 008,0 миң сом өлчөмүндө кабыл алынды;
Каракол шаарынын 2025-жылга негизги болжолдорунун параметрлери - 564 416,0 миң сом, 2026-жылга - 627 371,0 сом суммасында жактырылды;
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын башындагы эркин калдыктын 2023-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча - 41956,5 сом өлчөмүндө, анын ичинде бюджеттик каражаттар - 35904,4 сом өлчөмүндө, атайын каражаттар - 6052,1 сом өлчөмүндө бекитилди;
Гоголь атын. көчө Тилекмат аке атн. көчөсү деп аталды;
Харьков көчөсү Садыр аке атн. көчөсү деп өзгөртүлдү;
Луначарская атн. көчө Карач аке атн. көчөсү деп өзгөртүлдү;
Корольков атн. көчөсү Мойт аке атн. көчөсү деп өзгөртүлдү;
Гречко атн. көчө Сарт аке атн. көчөсү деп өзгөртүлдү;
Каракол шаардык Кенеши