2023-жылы Ысык-Көл облусунда 3,5 млрд салык чогулган
22 января 2024, 23:20
Былтыр, 2023-жылы, Ысык-Көл облусунун жалпы контингенти 3 млрд 630 млн сом салык чогулуп, планга карата 119 млн сомго көп аткарылып, ал эми 2022-жылга салыштырмалуу 1 млрд 27 млн сомго көп түшкөн, бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде ааткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.
Облус жетекчинин айтымында Республикалык бюджет 2 млрд 5 млн сомду түзүп, план 100,3 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 795 млн сомго көп аткарылып, ѳсүү темпи 165,7 пайызды түзгөн.
“Жергиликтүү бюджет 1 млрд 624 млн сом жыйналып, план 107,5 пайызга аткарылды же болбосо пландан 113 млн сомго көп жыйналды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 232 млн сомго көп аткарылып, ѳсүү темпи 116,7 пайыз камсыз кылынды”, - деп белгиледи Э. Абдыкадыров.