Прокат лыж прокат лыж
Главная / Новости / Политические / Чет өлкөлөрдүн лидерлери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты

Чет өлкөлөрдүн лидерлери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты

1 января 2024, 15:53
Чет өлкөлөрдүн лидерлери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты
Чет өлкөлөрдүн лидерлери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын башчыларынан келе жаткан Жаңы 2024-жыл менен куттуктоолор келип түшүүдө.
==
Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
“Чын жүрөктөн чыккан жаңы жылдык куттуктоолорду кабыл алыңыз. Учурда Россиялык-Кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жогорку деңгээлде - муну октябрь айындагы Бишкектеги биздин сүйлөшүүлөрүбүз толугу менен тастыктады.
Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты, ошондой эле ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана КМШ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп ишенем.
Сизге чын дилимден бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бардык мекендештериңизге - тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
==
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Келе жаткан жаңы - 2024-жылыңыз менен Сизди жана боордош Кыргыз Республикасынын элин чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдиргениме кубанычтамын.
Өтүп бараткан жылы биргелешкен интенсивдүү аракеттердин жана активдүү диалогдун аркасында биз мамлекеттер аралык ынак коңшулук мамилелерди, өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чындыгында жаңы деңгээлге чыгара алдык.
Келе жаткан 2024-жылы биздин көп кырдуу жана узак мөөнөттүү мамилелерибиз боордош элдердин жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө карай ырааттуу жана натыйжалуу өнүгө берет деп ишенем.
Учурдан пайдаланып, Сизге жана Сиздин жакындарыңызга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, абдан жоопкерчиликтүү жана ардактуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ынтымак жана туруктуу өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
==
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Келе жаткан жаңы 2024-жыл менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз!
Сизге бакубатчылык жана боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
===
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Сизди келе жаткан Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине - тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.
Тарыхта калган 2023-жылы биз Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгиледик. Жакында Бишкекте КМШ саммитинин алкагында өткөн конструктивдүү жолугушуубузду канааттануу менен белгилейм. Тажик-кыргыз достук жана ынак коңшулук мамилелеринин бардык аспекттерин өз ара түшүнүшүү, өз ара урматтоо жана ишеним духунда мындан ары гармониялуу өнүктүрүүгө болгон бекем умтулуубузду ырастайм. Эки өлкөнүн өз ара мамилелерин мындан ары кеңейтүү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, регионалдык тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөт деп ишенем.
Биргелешкен аракеттер менен биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди бекемдөөгө жана аларды жаңы практикалык мазмун менен толтурууга ар тараптан көмөктөшөбүз деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
==
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Келе жаткан 2024-жыл менен чын жүрөктөн чыккан жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык иштериңизде чоң ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл баарыбызга тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
==
Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Менин чын жүрөктөн чыккан жаңы жылдык куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Өтүп бара жаткан жыл эл аралык күн тартибиндеги маанилүү окуяларга бай болду жана ар кандай кыйынчылыктарды чогуу гана жеңүүгө болорун далилдеди.
Келе жаткан жыл Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн терең салттарын бекемдеп, мамлекеттерибиздин ар кандай форматтагы кызматташтыгынын жаңы салмактуу жыйынтыктарын берерине ишенем.
Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык ой-тилектериңиздин ишке ашышын, ал эми өлкөңүздүн элине - тынчтык, бакубатчылык жана туруктуулукту каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
====
Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Сизди келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем. Өткөн жылды жана бекем пайдубалга, орток тарыхый тамырларга негизделген Азербайжан-Кыргыз мамилелерин канааттануу менен белгилеп кетким келет.
Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелер, эки тараптуу жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагындагы натыйжалуу кызматташтык боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн биргелешкен аракеттердин аркасында 2024-жылы дагы кеңейип жана бекемделе берерине ишенем.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө чың ден соолук, бакыт-таалай, мамлекеттик жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
===
БАЭ Президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Сизге келе жаткан жаңы – 2024-жылыңыздар менен эң жакшы каалоо-тилектеримди жана куттуктоолорумду билдирем, Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош кыргыз элине мындан ары өнүгүү жана гүлдөп-өсүштү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
==
Египеттин Президенти Абдель Фаттах Ас Сиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Алдыдагы жакшы жылга болгон жалпы умтулуубуздун духунда биз чыр-чатаксыз жана талаш-тартышсыз, адилеттик жана теңдик өкүм сүргөн дүйнөдө жашайбыз деп үмүттөнөбүз. Биздин жамааттык милдетибиз - глобалдык тынчтыкты, коопсуздукту жана климаттын өзгөрүшүн кошо алганда, бардык элдер бакубат жана гүлдөп-өсө турган тынчтыкка жетүү жолунда эң чоң көйгөйлөрүбүздүн реалдуу чечимдерин табуу.
Эки өлкөбүздү байланыштырып турган эки тараптуу мамилелер келерки жылы дагы өнүгүп, жаңы бийиктиктерге жетээрине оптимисттик көз караштамын", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
====
Польша Президенти Анджей Дуда Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Польша Республикасынын Президенти Анджей Дуда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Келе жаткан Жаңы жылга карата Польша элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге эң жакшы каалоолорумду билдирем. Жаңы жыл жакшы күндөргө болгон ишенимди, ошону менен бирге биздин мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө жана эл аралык коомчулуктун бекемделишине алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
==
Ошондой эле куттуктоолорун Венгриянын Президенти Каталин Новак, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Норвегиянын Королу Харальд V, Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Россиянын Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев ж. б. да жолдошту.
*****************
Лидеры зарубежных стран поздравляют Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с наступающим Новым годом
На имя Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова поступают поздравления с наступающим Новым 2024 годом от глав зарубежных государств и международных организаций.
Президент России Владимир Путин поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Российской Федерации Владимир Путин поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«Примите самые искренние новогодние поздравления. Российско-кыргызские отношения стратегического партнерства и союзничества находятся на высоком уровне — это в полной мере подтвердили наши октябрьские переговоры в Бишкеке.
Уверен, что реализация достигнутых договоренностей будет способствовать дальнейшему наращиванию взаимовыгодного сотрудничества в политической, торгово-экономической, гуманитарной и других сферах, а также взаимодействия в рамках ЕврАзЭС, ОДКБ, ШОС и СНГ, и других многосторонних структур.
От души желаю Вам крепкого здоровья и успехов в государственной деятельности, а всем Вашим согражданам - мира и процветания», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«По случаю наступающего Нового - 2024 года от всей души рад поздравить Вас и братский народ Кыргызской Республики и передать свои самые наилучшие пожелания.
В подходящем к концу текущем году, благодаря совместным интенсивным усилиям и активному диалогу нам удалось вывести межгосударственные добрососедские отношения, взаимовыгодное сотрудничество и стратегическое партнерство на совершенно новый уровень.
Уверен, что в наступающем 2024 году наши многогранные и долгосрочные отношения продолжат развиваться более последовательно и эффективно на пути к общему процветанию наших братских народов.
Пользуюсь случаем, желаю Вам и всем Вашим близким крепкого здоровья, семейного счастья, больших успехов в Вашей очень ответственной и почетной деятельности, а братскому кыргызскому народу мира, согласия и устойчивого развития», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«Примите мои искренние поздравления с наступающим Новым 2024 годом!
Желаю Вам благополучия и новых достижений во благо братского народа Кыргызстана», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Таджикистана Эмомали Рахмон поздравил Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«Искренне поздравляю Вас с наступающим Новым 2024 годом! Желаю Вам доброго здоровья и новых успехов в Вашей государственной деятельности, а дружественному кыргызскому народу - мира, благополучия и процветания.
В уходящем в историю 2023 году мы отметили 30-летие установления дипломатических отношений между Республикой Таджикистан и Кыргызской Республикой. С удовлетворением отмечаю нашу недавнюю конструктивную встречу в Бишкеке в рамках Саммита СНГ. Подтверждаю наш твёрдый настрой на дальнейшее гармоничное развитие всех аспектов таджикско-кыргызских отношений дружбы и добрососедства в духе взаимопонимания, взаимного уважения и доверия. Убеждён, что дальнейшее расширение взаимоотношений двух стран отвечает коренным интересам граждан наших стран, способствует поддержанию регионального мира и стабильности.
Уверен, что совместными усилиями мы будем и впредь всемерно содействовать укреплению наших межгосударственных отношений и их наполнению новым практическим содержанием», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«Примите мои самые искренние и теплые поздравления с наступающим 2024 годом. Желаю Вам крепкого здоровья, счастья и больших успехов во всех Ваших делах. Пусть Новый год принесет всем нам мира, благополучие и процветание», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Беларуси Александр Лукашенко поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Республики Беларусь Александр Лукашенко поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«Примите мои искренние поздравления с Новым годом. Уходящий год был насыщен важными событиями международной повестки и доказал, что любые трудности можно преодолеть только сообща.
Убежден, наступающий год укрепит глубокие традиции дружбы и взаимопонимания между Беларусью и Кыргызстаном, ознаменует новыми весомыми результатами сотрудничество наших государств в различных форматах.
От души желаю Вам доброго здоровья, счастья и реализации всего задуманного, а народу вашей страны – мира, благополучия и стабильности», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Азербайджана Ильхам Алиев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Азербайджанской Республики Ильхам Алиев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«Сердечно поздравляю Вас с наступающим Новым, 2024 годом и передаю самые искренние и добрые пожелания. С удовлетворением хотел бы отметить, что азербайджано-кыргызские отношения, построенные на прочном фундаменте, общих исторических корнях и проведенного года.
Уверен, что традиционные дружественные отношения между Азербайджаном и Кыргызстаном, их эффективное сотрудничество в рамках двусторонних и международных структур продолжат расширяться и укрепляться в 2024 году благодаря совместным усилиям на благо наших братских народов.
Уважаемый Садыр Нургожоевич, желаю Вам и Вашей семье крепкого здоровья, счастья, успехов в государственных ответственных делах, а братскому кыргызскому народу мира и благосостояния», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент ОАЭ Мухаммед бен Заид Аль Нахайян поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Объединенных Арабских Эмиратов Мухаммед бен Заид Аль Нахайян поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«Позвольте выразить Вам наилучшие пожелания и поздравления с наступающим Новым – 2024 годом, пожелать Вам крепкого здоровья и счастья, а дружественному кыргызскому народу дальнейшего развития и процветания», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Египта Абдель Фаттах Ас Сиси поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Арабской Республики Египет Абдель Фаттах Ас Сиси поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«В духе наших общих стремлений к лучшему предстоящему году мы надеемся жить в мире, свободном от конфликтов и споров, где торжествуют справедливость и равенство. Наш коллективный долг - найти реальные решения важнейших проблем, включая глобальный мир и безопасность и изменение климата, на пути к миру, в котором все народы будут наслаждаться благосостоянием и процветанием.
Я оптимистично настроен на то, что двусторонние отношения, связывающие наши две страны, будут продолжать процветать и достигнут новых высот в наступающем году, чтобы оправдать надежды и чаяния наших народов», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Президент Польши Анджей Дуда поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом
Президент Республики Польша Анджей Дуда поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.
«По случаю наступающего Нового года, от имени польского народа и от себя лично передаю Вам свои наилучшие пожелания. Пусть Новый год принесет веру в лучшие времена, а вместе с тем в дальнейшее развитие дружественных отношений между нашими государствами и укрепление международного сообщества», - говорится в поздравительной телеграмме.
==
Поздравления также направили Президенты: Венгрии Каталин Новак, Монголии Ухнаагийн Хурэлсух, а также Председатель Китая — Си Цзиньпин, Премьер-министр Японии Фумио Кисида, Премьер-министр Венгрии Виктор Орбан, Премьер-министр Армении Никол Пашинян, Король Норвегии Харальд V, Председатель Совета Федерации Федерального собрания России Валентина Матвиенко, заместитель Председателя Совета безопасности России Дмитрий Медведев, Председатель Халк Маслахаты Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов, Генеральный секретарь ШОС Чжан Мин, Генеральный секретарь Организации тюркских государств Кубанычбек Омуралиев, генеральный секретарь ТЮРКСОЙ Султан Раев и др.
13 просмотров
1 голос
Другие новости по теме
Каракол шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан кирип келе жаткан 2024 Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!Каракол шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан кирип келе жаткан 2024 Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!Кыргыз Республикасынын жарандары жана анын ичинен озубуз жетектеп иш алып барып келе жаткан Каракол шаарынын тургундары!Кыргыз Республикасынын жарандары жана анын ичинен озубуз жетектеп иш алып барып келе жаткан Каракол шаарынын тургундары!“Жаңы жыл – 2024” майрамдык иш-чаранын ПРОГРАММАСЫ“Жаңы жыл – 2024” майрамдык иш-чаранын ПРОГРАММАСЫКаракол шаарынын мыктылары!Каракол шаарынын мыктылары!
Оставить комментарий
Ремонт ТВ Ремонт ТВ
Комментарии
О
Ольга
29 апреля 2024 19:45
Как с России набрать номер по ватсапу? 
Г
Гость Anatiem
2 марта 2024 14:15
Связаться можно по номеру: 0709152875  город Каракол
A
8 декабря 2023 01:31
Кто был на открытии ГБ?