Каракол шаарынын вице-мэри 2024-жылдын 19-февраль күнү №2 бала бакчанын ишмердүүлүгүнөн кабар алды
19 февраля 2024, 22:22
Күтүүсүз текшерүү!!
Каракол шаарынын вице-мэри-Гулназ Орозова 2024-жылдын 19-февраль күнү #2 бала бакчанын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
Текшерүү учурунда эт жана башка азык-түлүктүн сертификаттары, окуу процессин графиги имараттын тазалыгы жана бөбөктөрдүн бала бакчага келиши каралды.
Ошондой эле, Гулназ Орозова азыркы учурда Каракол шаарында пилоттук программада бала бакчада орун жетишпегендиктен жогорку тайпадагы балдарга графиктен уктоо учурун алып, алар үчүн окуу процесстери жүргүзүлүп, уктайм деген бөбөктөр үчүн атайын кроваттар койулушу керек экенин билдирди.
Мындай кадамдар жаңы форматта Каракол шаарында жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаарынын вице-мэри-Гулназ Орозова бөбөктөр бул эртенки келечек экенин белгилеп, татыктуу кызмат кылууга чакырды.
Каракол шаарынын мэриясынын катчысы