2024-жылдын 2-февраль күнү Ысык-Көл ОИИБдин короосунда, башкармалыктын борбордук аппаратынын колдонуусундагы баардык кызматтык автоунааларынын техникалык абалын текшерүү иш-чарасы уюштурулду.
3 февраля 2024, 21:52
2024-жылдын 2-февраль күнү Ысык-Көл ОИИБдин короосунда, башкармалыктын борбордук аппаратынын колдонуусундагы баардык кызматтык автоунааларынын техникалык абалын текшерүү иш-чарасы уюштурулду.
Бул иш-чарага башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Кочкоров Орунбай Абдирайимович өзү жетекчилик кылып, башкармалыктын борбордук аппаратынын ар бир кызматтык автоунаалары текшерилип чыгып, алардын тазалыгынан сырткары техникалык каттоо жөнүндө, айдоочулук күбөлүгү, дөңгөлөктөрүнүн кышкыга алмаштаралгандыгы, дары дармек салынуучу куту, өрт өчүргүч, сүйрөөчү аркан, авариялык белгилер менен толукталгандыгы каралып, жолдо жүрүү учурунда жол эрежелерин так сактоолору түшүндүрүлдү.
Ошондой эле борбордук аппараттын өздүк курамына кызмат учурунда автоунааларды таза, техникалык оң абалда жана багытту пайдалануулары, мыйзамдуулукту сактоо, жарандарга сылык, ийкемдүү мамиле кылуулары, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана башка ушул багыттагы атайын нускамалар берилип кызматка чыгарылды.