Ысык-Көл РИИБке Ысык-Көл районунун аймагында, бир адам үйүндө мыйзамсыз курал жарак сактап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
2 февраля 2024, 19:50
Ысык-Көл РИИБке Ысык-Көл районунун аймагында, бир адам үйүндө мыйзамсыз курал жарак сактап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына билдирүү ирээтинде катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган.
Алынган тергөө тапшырмасынын негизинде, Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган, ал Ысык-Көл районунун 1991 ж.т. А. Б. аттуу тургуну болуп чыккан.
Аталган факт боюнча КРнын кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук сотуннун токтомунун негизинде шектүүнүн турак жайына мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлгөн.
Мыйзамдуу тинтүү жүгүзүүдө,мыйзамсыз сакталып жаткан 16-калибрдеги кош ооз мылтык, ТОЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 22 даана 5,6 калибрдеги ок дааырлар табылып, далил зат катары алынган. Алынган курал-жарактар жана ок даарылар соттук-баллистикалык экспертизага жиберилген.
Соттук-балиистикалык эскпертизанын корутундусуна ылайык, тинтүүдө алынган ок атуучу куралдар атууга жарактуу экендиги көрсөтүлгөн жана ошондой эле, алынган 22 даана ок дарылар ТОЗ-8, ТОЗ-12, ТОЗ-16 жана ТОЗ-17 ок атуучу куралына ылайыкталган 5,6 мм калибрдеги ок дарыларга кирээри жана атууга жарактуу экени көрсөтүлгөн.
Алдын ала суракта, шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алаган.
Тергөө амалдары уланууда