Прокат лыж прокат лыж
Главная / Новости / Экономика / 2023-жылы Ысык-Көл облусуна 1,3 млн турист келип кеткен

2023-жылы Ысык-Көл облусуна 1,3 млн турист келип кеткен

22 января 2024, 23:31
2023-жылы Ысык-Көл облусуна 1,3 млн турист келип кеткен
Отчеттук мезгилде облуска 1 млн 300 миң эс алуучулар келип эс алышты. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 100 миң эс алуучуга көп болду. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.
Облус жетекчиси Э. Абдыкадыровдун айтымында туризм тармагынан түшкөн салыктардын көлөмү өсүп, курорттук-эс алуу жайларынан түшкөн салыктардын көлөмү 311 млн сом акча каражатын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу (247,3 млн. сом) өсүү темпи 126,0 пайызды түздү.
Туристтерди тейлөө кызматын жакшыртуу максатында 4 рэст-поинттердин курулушу аяктады жана 5 туристтик-сервистик борборлордун курулушу жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын таасири менен Ысык-Көл облусунда 2022-2023-жылдар аралыгында 33 жаңы саркынды тазалоочу курулмалар ишке берилди.
21 просмотр
1 голос
Другие новости по теме
2023-жылы Ысык-Көл облусунда 3,5 млрд салык чогулган2023-жылы Ысык-Көл облусунда 3,5 млрд салык чогулган2023-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 413 млн сомдук 140 долбоорду колдогон2023-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 413 млн сомдук 140 долбоорду колдогон2023-жылы Ысык-Көл облусунда 121 чакырым жолго асфальт төшөлгөн2023-жылы Ысык-Көл облусунда 121 чакырым жолго асфальт төшөлгөн2023-жылы Ысык-Көлдө 35 жаңы обьект ишке кирген2023-жылы Ысык-Көлдө 35 жаңы обьект ишке кирген
Оставить комментарий
Ремонт ТВ Ремонт ТВ
Комментарии