Зоопарк Каракол Зоопарк Каракол
Главная / Новости / Общество / Сел каптоодон сактаналы

Сел каптоодон сактаналы

15 мая 2026, 04:15
Каракол шаарында сел жана суу ташкындарынын алдын алуу максатында комплекстүү иштер күчөтүлүүдө. Бүгүн Каракол шаардык мэриясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, муниципалдык кызматтар жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагындагы суу каналдарына кеңири текшерүү жүргүзүштү.
Бул иш-чара Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кутманаалы Абдырахман уулунун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Таш-Кыя жана Челпек аймактарындагы бир катар участоктор жеринен кароого алынып, каналдардын учурдагы абалына өзгөчө көңүл бурулду. Адистер айрым жерлерде суу каналдарынын жээктерине мыйзамсыз курулуштар салынып, мал кармоого ылайыкташтырылганын аныкташты. Мындай көрүнүштөр каналдарды өз убагында тазалоого жана тейлөөгө олуттуу тоскоолдук жаратып, сел коркунучун күчөтөт. Суу каналдарынын жээктерине мал кармоо экологиялык талаптарга да туура келбейт. Ал жер кыртышынын бузулушуна, жээктердин урашына жана суунун булганышына алып келип, суу агымынын табигый нугун өзгөртүп, сел коркунучун күчөтөт.
Ошондой эле каналдарга таштандылар ыргытылып жаткан фактылар катталды. Бул өз кезегинде катуу жаан-чачын маалында суунун агымын тосуп, ташкындын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу жеринде тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана тазалыкты сактоо ар бир жарандын милдети экени белгиленди.
Тиешелүү кызматтарга аныкталган көйгөйлөрдү кыска мөөнөттө жоюу, каналдарды атайын техниканын жардамы менен тазалоону күчөтүү жана мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча так тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгында айрым суу бөлүштүрүүчү жабдыктарды оңдоп-түзөө зарылдыгы белгиленип, жооптуу тараптарга милдеттенмелер жүктөлдү.
Адистердин маалыматына ылайык, Каракол шаарында селдин алдын алуу максатында пайдаланылып жаткан суу каналдарынын жалпы саны 10ду түзөт. Алардын узундугу 15,09 чакырымга жетет. Бул каналдардын үзгүлтүксүз иштеши шаар коопсуздугу үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында жол жээктериндеги арык-лотоктордун абалы текшерилип, айрым участоктор боюнча тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Жүргүзүлүп жаткан бул иштердин негизги максаты — сел коркунучун азайтуу, шаар инфраструктурасын сактоо жана тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Источник: .
1 просмотр
0 голосов
Другие новости по теме
«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасыМуратбек Идирисовго «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылдыМуратбек Идирисовго «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылдыМинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Жети-Өгүз районундагы оорукананын жана санаторийдин абалы менен тааныштыМинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Жети-Өгүз районундагы оорукананын жана санаторийдин абалы менен тааныштыЫсык-Көл облусунда Координациялык кеңеш өттү: саламаттыкты сактоодогу көйгөйлөр талкууландыЫсык-Көл облусунда Координациялык кеңеш өттү: саламаттыкты сактоодогу көйгөйлөр талкууланды
Оставить комментарий
Ремонт ТВ Ремонт ТВ
Комментарии
K
Kenneth
1 час назад
Добро пожаловать в Unlim Casino — платформа, где игровые возможности соединяются с комфортом. Здесь игроки могут наслаждаться от широкого выбора игр, включая игровые автоматы, рулетку, а также