Прокат лыж прокат лыж
Главная / Новости / Общество / МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Жети-Өгүз районундагы оорукананын жана санаторийдин абалы менен таанышты

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Жети-Өгүз районундагы оорукананын жана санаторийдин абалы менен таанышты

14 марта 2026, 18:30

14-март - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун абалы менен таанышты. 

Медициналык мекеменин аймагында 11 корпус жайгашкан, алардын бир бөлүгү 1950–1970-жылдары курулган. Бир нече имарат авариялык абалда, айрым корпустар капиталдык оңдоого жана инженердик коммуникацияларды модернизациялоого муктаж. 2024-жылы 60 орундуу аймактык оорукананын жаңы корпусу пайдаланууга берилип, анда хирургия, балдар, төрөт жана реанимация бөлүмдөрү жайгаштырылган. Ошол эле учурда, медициналык мекемеге жүктөм көп болгондуктан, учурдагы кубаттуулуктар калктын керектөөлөрүн толук камсыз кылуу үчүн жетишсиз. 

Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга заманбап талаптарга жооп берген жаңы оорукананын имаратын, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн жатакана куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. 

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб башчысы «Жети-Өгүз» санаторийин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты. Мекеме Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилген. Санаторийдин инфраструктурасын жаңыртуу жана өнүктүрүү максатында объекттерди реконструкциялоо жана модернизациялоо, жаңы курулмаларды куруу жана эс алуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашыруу көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана санаторийди заманбап курорттук-саламаттыкты чыңдоо комплекси катары өнүктүрүүгө багытталган. Санаторийди реконструкциялоо ушул жылдын күзүндө аяктайт деп күтүлүүдө.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.

Источник: .
1 просмотр
0 голосов
Другие новости по теме
АРХИВ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТААРХИВ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасыМинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы бир катар автомобиль жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшердиМинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы бир катар автомобиль жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшердиАк-Суу районунун жаңы акими дайындалдыАк-Суу районунун жаңы акими дайындалды
Оставить комментарий
Ремонт квартир Ремонт квартир
Комментарии
Н
Назарбек
12 февраля 2026 22:33
салам алекум сварщик болуп иштеп жургом документ жок