Спортчулардын жетишкендиктери боюнча
9 февраля 2024, 11:38
5-февралда, Каракол шаарынын спорт бөлүмү уюштурган, спортчуларды сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.
Иш чарага, Каракол шаардык Кеңешинин төрагасы Туратбек Акимканов жана депутаттар катышты. Каракол шаардык Кеңешинин төрагасы Туратбек Акимканов, спортчулардын жетишкендиктери, спорт тармагына жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилген акча каражаттары боюнча сөз сүйлөдү.
Ошондой эле, Каракол шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы #28-36/9 "Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү" токтомунун негизинде, депутаттардын колдоосу менен, өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Дүйнө чемпиону Джумаев Амантурга батир алууга - 2 500 000 сом, машыктыруучусу Сабатаров Бейшен Обокировичке - 1 000 000 сом, Азия оюндарынын каратэ боюнча коло медалынын ээси Тойтонова Кымбатка - 1 500 000 сом тапшырылды жана спортсмендерди, машыктыруучуларды колдоо, стимул берүү максатында 13395,0 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Спорт тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн, жергиликтүү Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт департаментинин "Ардак грамотасы" менен сыйланышты.
Каракол шаардык Кенеши