«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы - Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 3 жаңы автоунаа алынып келинди
24 января 2024, 20:40
Авто паркты жаңылоо
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы - Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 3 жаңы автоунаа алынып келинди
Бүгүн, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармактарынын директору Тынаев А.А. Балыкчы РЭТине жана механикалык унаа кызматына жаңы 2 кран-манипулятордун жана 1 экскаватордун ачкычтарын тапшырды.
Жаңы техникалар калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге кошумча шарт болуп, тейлөөнүн сапатын жакшыртат жана күз-кыш мезгилине өз убагында жакшы даярданууга өбөлгө түзөт.
️Эскерте кетсек, буга чейин ишканага 2 экскаватор, 1 кран-манипулятор, 5 бригадалык автоунаа келген, жалпы 2023-жылдын эсебинен 11 техника келди.
Ысык-Көл электр тармактарында автопарктын 60% эскилиги жеткен техникалар түзөт. Бирок жылдан-жылга жаңы унаалар алынып, техникага болгон муктаждыктар чечиле баштады.