2023-жылы Ысык-Көл облусунда 121 чакырым жолго асфальт төшөлгөн
22 января 2024, 23:26
2023-жылы жалпы облус боюнча 121 чакырым жолго асфальт бетон төшөлгөн. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди. Облус жетекчи Э. Абдыкадыровдун айтымында анын Балыкчы-Барскоон автожолунун 35 чакырымынын биринчи катмарына асфальт бетон төшөлгөн. Ал эми, 25,5 чакырымына шагыл төшөө иштери аткарылып, 20,0 чакырым тротуар салынган, жалпы аткарылган иштерге 891 млн сом өздөштүрүлдү.