Ысык-Көлдө 31 энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу пландалууда
22 января 2024, 23:29
Ысык-Көл облусу боюнча акыркы жылдары 31 жеке тарапка чакан ГЭСтерди, шамал электр станцияларын, күн нурунан алынуучу электр станцияларын курууга 3 миңден ашык гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.
Анын айтымында, облус боюнча 4 чакан ГЭС өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт жана бир жылда 13,2 млн кВт саат электр энергиясын өндүрөт.
“Жакынкы арада, 31 энергиянын кайра жаралуучу булактарынын курулушу пландалууда. Анын ичинен, 27 чакан ГЭС, 3 күн электр станциясы, 1 шамал электр станциясы. Жалпы кубаттуулугу 918,5 МВт түзөт, анын ичинен чакан ГЭС 118,5 МВт, шамаал электр станциясы 150 МВт жана күн электр станциясы 650 МВт”, - деп белгиледи Э. Абдыкадыров.