Өлкөдө жылдык жыйынтыктар жана алдыдагы пландар талкууланууда
22 января 2024, 23:18
Бүгүн, 22-январда Бишкек шаарындагы №1 "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. У. Жапаровдун катышуусунда жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери 2023-жылга жасаган иштери жана 2024-жылга карата иш-пландары боюнча маалымат берүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2023-жылы аткарган иштердин жыйынтыгы жана 2024-жылдын өнүктүрүү планы боюнча маалымат берет.
Облус жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын башын кошкон иш чара окутуу семинары, презентациялар, алдыдагы пландарды жумушчу топ менен талкуулоо менен коштолуп, жуманын аягына чейин улантылат.