Фархат Алжамбаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды
24 мая 2024, 21:49
Бүгүн, 24- май күнү Каракол шаарынын активине жаңы мэр Фархат Алжамбаев тааныштырылды, анда буйрукка КР Президентти Садыр Жапаров кол койгон. Буйрук менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
Тааныштыруу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиев, Каракол шаарынын активи, депутаттар катышышты.
Алжамбаев Фархат Адбы-Хамитович 13- апрелде 1982- жылы туулган. Жогорку билимдүү.