Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте 2024-жылдын ичинде жасала турчу иштер боюнча талкуу кылышты
19 февраля 2024, 22:31
Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте 2024-жылдын ичинде жасала турчу иштер боюнча талкуу кылышты.
Иштин жүрүшүндө башкы маселе катары 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө шарт түзүү, алар менен иш алып баруу маселелери каралды.
Гүлназ Орозова Каракол шаардык кеңешинин депутаттары тарых жасап жаткандарын кабарлап, депутаттардын колдоосу менен быйыл 250 мыкты бүтүрүүчүлөрдү окутуу иштери жүргүзүүлөрүн маалымдады.
Окутуу процесси ЖРТга багытталарын эскертип, экзамен аркылуу 250 бала тандалып алынарын белгиледи.
Тагыраак айта кетсек, быйыл 500 000 сом жергиликтүү бюджеттен Каракол шаарынын бүтүрүүчүлөрүн ЖРТга даярдоосуна жумшалат.