Туризм - Караколду өнүктүрүүнүн башкы локомотиви
19 февраля 2024, 22:27
Каракол шаарынын вице-мэри Гулназ Орозова тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Швейцария өлкөсүнөн келген тоо лыжа тармагындагы эксперттер менен жолугушту.
Жолугушуу 2024-жылдын 19-февраль күнү Каракол шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлүп, бир катар маселелер талкууланды.
Гүлназ Орозова кышкы спортту өнүктүрүү аркылуу эс алуучулардын агымын көбөйтүп, өсүп келе жаткан жаштар арасында атайын кесипкөй адистерди даярдап, эс алуучулар га болгон тейлөө кызматын жогорулатуу максатарын билдирип, Каракол шаары үчүн келген ар бир долбоорду жергиликтүү бийлик колдоого алаарын кабарлады.