АК-СУУ РАЙОНУ ЖАНА КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ ЖЫЙЫН ӨТТҮ
20 мая 2026, 19:57
20-майда Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө нөшөрлүү жаандан улам Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда түзүлгөн кырдаал боюнча ыкчам жыйын өттү.
Ага облустагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кутман Абдырахман уулу жана ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев, Ак-Суу районунун акими Канатбек Калдаралиев ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары катышты.
Жыйында нөшөрлүү жаандан улам жүргөн кыяндын кесепеттерин жоюуда Жарандык коргонуу кызматтарында жаралган көйгөйлөр талкууланып, калкты жана аймакты коргоо ишин тез арада жүргүзүүгө байланыштуу тапшырмалар тиешелүү кызматтарга берилди. Мындан тышкары жол салып жаткан чет элдик жеке менчик ишканаларга кырсыктын кесепеттерин жоюуда ыкчам иш жүргүзүү боюнча түшүндүрүү жүргүзүлүп, милдеттендирилди.
Источник: ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы




