Каракол шаарынын биринчи вице-мэри 21-февраль күнү Каракол шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын ишмердүүлүгүн текшерди
22 февраля 2024, 12:03
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри-Нуржигит Турсунбеков 2024-жылдын 21-февраль күнү Каракол шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын ишмердүүлүгүн текшерди.
Текшерүү учурунда Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып салынган жаңы инновациялык борбордун абалын көрүп, ачылыш иштерине даярдыгынан маалымат алды.
Нуржигит Турсунбеков аба ырайы жакшы болгондон кийин бир катар жумуштар бүтсө, имараттын эшигин ачып, элге кызмат кылууну тапшырды.