"Ассафа" коомдук фонду Каракол элине жардам кылды.
20 февраля 2024, 18:52
Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова 2024-жылдын 20-февраль күнү "Ассафа" коомдук фондунун жетекчилиги менен жолукту.
Жолугушуу учурунда вице-мэр ыраазычылык билдирип, калпак кийгизип, атайын Каракол шаарынын социалдык маселелеринин чечишине көмөк кылгандыгы үчүн сыйлоо баракчасын тапшырды.
Ошондой эле, Гүлназ Орозова сүйлөшүү учурунда шаар ичинде ишке ашырыла турчу бир нече долбоор боюнча макулдашып, ишке ашыруу үчүн биргелешип иш алып барууга чакырды.
Ошол эле күнү Каракол шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн тизмесинде турган, Каракол шаарынын тургуну болгон, өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө фонддун колдоосу менен фонд тарабынан көмүр таратылды.
Каракол шаарынын мэриясы