2024-жылдын 13-февраль күнүнөн 14-февраль күнүнө караган түнү шаар ичинде атайын рейддик иш-чара өткөрүлдү
14 февраля 2024, 15:20
Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору 2024-жылдын 13-февраль күнүнөн 14- февраль күнүнө караган түнү шаар ичинде атайын рейддик иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, документтер текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды.
Иш-чара түн ортосунда шаар ичинде дрифт кылгандарга жана унаа жарыш уюштургандарга карата алдын алуу максатында түнкү саат 23:00дөн саат 3:00гө чейин уюштурулду.
Эскерте кетсек, мындай иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турат!