Каракол шаарындагы банктар "Жашыл-Каракол" үчүн!
9 февраля 2024, 11:34
2024-жылдын 8-февраль күнү Каракол шаарынын вице-мэри-Гулназ Орозова Каракол шаарындагы банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда банктардын имараттарынын алдыларына көчөт отургузуу жана көрктөндүрүү сунуштары берилип,атайын долбоор дайындалганын эскертти.
Өз учурунда банк өкүлдөрү шаар үчүн кайдыгер мамиле кылбай, мындай демилгени шаардын өнүгүүсү үчүн колго алышаарын кабарлашты.