Бапаев Чыңгыз Арстанбекович Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулуп жаны кызмат ордуна дайындалды
18 января 2024, 18:32
Урматтуу Каракол шаарынын тургундары, урматтуу бир туугандар!
Бапаев Чыңгыз Арстанбекович Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду, ушул кызматта иш алып барганда биздин жетекчи ар дайым эл менен иштешип, элдин үнүн угуп, эл менен бир команда болууга аракет кылды.
Жалпы журтка ыраазычылык билдиребиз, Президенибиз Жапаров Садыр Нургожоевич тарабынан ишеним берилиптир, буюрса бул ишенимди колго алып, өлкөбүздүн дагы бир бурчу болгон Алай районун алдыга тартуу ишин алып барат.
Каракол шаары Чыңгыз Бапаевдин жүрөгүндө, ар бир кадам Каракол шаарынын өнүгүүсү үчүн жасалды, бизден кемчиликтер кетсе, дагы бир жолу жалпы журттан кечирим сурайбыз!
Терең урматтоо менен, Каракол шаарынын мэриясынын маалымат кызматы.