Зоопарк Каракол Зоопарк Каракол
Главная / Новости / Общество / Ысык-Көлдүн акваториясынан 400 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясынан 400 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

14 марта 2026, 18:41
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейд жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында, 2026-жылдын 13-мартында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 400 метрди түзгөн эски кытайлык балык уулоочу тор чыгарылды.
Аталган мыйзамсыз балык уулоочу каражаттар көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, балык ресурстарынын азайышына алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу инспекторлор тарабынан мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
****************
Из акватории Иссык-Куля извлечено 400 метров незаконных рыболовных сетей
Инспекторами Службы экологического и технического надзора при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики совместно с инспекторами Иссык-Кульского регионального управления был проведён очередной рейд по выявлению фактов незаконного рыболовства.
В рамках исполнения Указа Президента Кыргызской Республики №131, 13 марта 2026 года в ходе рейдового мероприятия из акватории озера Иссык-Куль была извлечена старая китайская рыболовная сеть общей протяжённостью 400 метров.
Данные незаконные орудия лова наносят серьёзный вред экосистеме озера и могут привести к сокращению рыбных ресурсов. В связи с этим инспекторами на постоянной основе проводятся мероприятия по выявлению и пресечению подобных нарушений.
Источник: .
0 просмотров
0 голосов
Другие новости по теме
«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасы«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы программасыКараколдо полиэтилен пакеттерине каршы рейд өттү!Караколдо полиэтилен пакеттерине каршы рейд өттү!МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы бир катар автомобиль жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшердиМинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы бир катар автомобиль жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшердиЕсли отключили свет. Телефоны энергетических службЕсли отключили свет. Телефоны энергетических служб
Оставить комментарий
Ремонт ТВ Ремонт ТВ
Комментарии
Н
Назарбек
12 февраля 2026 22:33
салам алекум сварщик болуп иштеп жургом документ жок