Урматтуу ата энелер, балдарыңарды көзөмөлгө алыныздар!
27 декабря 2023, 13:44
Урматтуу Каракол шаарынын мектеп окуучулары жана ата-энелери!
Каракол шаарынын мэриясы сиздерге эскертет!!
Жаңы жылга карата рейд иштери күчөтүлгөн режимге өткөнүн, 2023-жылдын 27-декабрь күнүнөн 2024-жылдын 15-январь күнүнө чейин пландалганын маалымдайбыз.
Эгер өспүрүмдөр, түнкү 22:00 дөн кийин кафе, тойканаларда отуруш уюштура турган болсо, мыйзам чегинде айып-пул салынаарын кабарлайбыз.
Урматтуу ата энелер, балдарыңарды көзөмөлгө алыныздар! Кайсы жакта, кимдер менен жана эмне кылып жүрөт кызыктар болунуздар.
Өспүрүмдөрдүн жоопкерчилиги биринчи кезекте ата-энеде экенин билдиребиз.